Башкы беткеКоом"Асман Эйрлайнс" Ташкент – Тамчы багыты боюнча түз каттамды ишке киргизди

“Асман Эйрлайнс” Ташкент – Тамчы багыты боюнча түз каттамды ишке киргизди

Мамлекеттик “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Malva Tour туристтик оператору менен биргеликте Тамчы – Ташкент – Тамчы багыты боюнча алгачкы түз каттамды аткарды.

Авиакомпаниянын маалыматына ылайык, жаңы багыт боюнча учуулар жумасына бир жолу — шаршемби күндөрү жүргүзүлөт. Каттамдын узактыгы болжол менен 1 саат 20 мүнөттү түзүп, жүргүнчүлөргө Ысык-Көлдүн жээгине түз жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жаңы каттам Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туристтик агымды көбөйтүүгө, туризм тармагын өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.

Malva Tour жүргүнчүлөр үчүн Ысык-Көлдөгү мейманкана, экскурсия жана эс алуу кызматтарын камтыган атайын туристтик пакеттерди сунуштоодо.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар