Башкы беткеЭкономикаКыргызстанда орточо айлык 51 миң сомдон ашты

Кыргызстанда орточо айлык 51 миң сомдон ашты

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь–май айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 51 миң 888 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга жогору.

Эмгек акынын эң жогорку өсүшү искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттык сактоо жана калкты социалдык тейлөө, билим берүү, айыл жана токой чарбасы, балык чарбасы, ошондой эле суу менен камсыздоо, агынды сууларды тазалоо, калдыктарды иштетүү жана экинчи сырьё алуу тармактарында катталган.

Мындан тышкары, кыймылсыз мүлк менен операциялар, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, курулуш, транспорт жана жүк сактоо тармактарында иштеген кызматкерлердин эмгек акысы да жогорулаганы белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар