Жыргалаң аймагында айланма жолдун курулушу жыйынтыктоочу баскычка чыкты. Подрядчы уюм негизги курулуш иштерин ушул жуманын аягына чейин бүтүрүүнү пландап жатат.
Маалыматка ылайык, жаңы жолдо унаа кыймылын 2026-жылдын 20-июлунда ачуу күтүлүүдө.
Жаңы айланма жол курулуш техникасынын жана транспорт каражаттарынын келечектеги курорттук объекттерге коопсуз жана үзгүлтүксүз жетүүсүн камсыздап, аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртат.



