Башкы беткеКоомОшто абанын сапатын жакшыртуу боюнча чаралар күчөтүлөт

Ошто абанын сапатын жакшыртуу боюнча чаралар күчөтүлөт

Ош шаарында абанын булганышын азайтуу жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча кезектеги мекемелер аралык жумушчу топтун жыйыны өттү. Аны шаар мэринин орун басары Эрнис Толтоев жетектеп, жыйынга мамлекеттик органдардын жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында Министрлер кабинетинин тапшырмаларынын аткарылышы жана шаардагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча бекитилген иш-чаралар планынын жүрүшү талкууланды.

Эрнис Толтоев абанын тазалыгы шаар тургундарынын ден соолугуна түздөн-түз таасир этерин белгилеп, жооптуу мекемелерди бул багыттагы иштерди күчөтүүгө чакырды.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга өнөр жай ишканаларынын жана энергетика объектилеринин экологиялык талаптарды сактоосун көзөмөлдөө, коомдук транспортту экологиялык таза отунга этап-этабы менен өткөрүү, мыйзамсыз таштанды жайларын жоюу, жашыл аймактарды көбөйтүү, калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу жана абанын сапатына туруктуу мониторинг жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Муниципалитет белгилегендей, бул чаралар шаардагы абанын сапатын жакшыртууга жана зыяндуу заттардын көлөмүн азайтууга багытталган. Ош шаарында буга чейин да коомдук транспортту жаңылоо, жашылдандыруу жана абага бөлүнгөн зыяндуу заттарды кыскартуу боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылып келет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар