Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда минералдык жер семирткич жана ветеринардык вакцина чыгаруучу заводдор курулат

Кыргызстанда минералдык жер семирткич жана ветеринардык вакцина чыгаруучу заводдор курулат

Кыргызстанда агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган эки ири долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун Кытайдын ири компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болду.

“Кыргыз Агрохолдинг” ААК менен Кытай электр инженерия улуттук компаниясынын (CNEEC) ортосундагы меморандумга ылайык, Кыргызстанда жылына 600 миң тоннага чейин карбамид чыгаруучу завод куруу пландалууда.

Ошондой эле кытайлык «Шицзячжуан Шайнеон» компаниясы менен кызматташтык алкагында жылына 25–30 миллион доза ветеринардык вакцина чыгаруучу завод куруу каралууда.

Бул долбоорлор айыл чарбасын өнүктүрүүгө, өлкөнүн азык-түлүк жана биологиялык коопсуздугун чыңдоого, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар