Башкы беткеКоомБишкекте өмүр бою эркинен ажыратылган адамдын сүрөт көргөзмөсү өтөт

Бишкекте өмүр бою эркинен ажыратылган адамдын сүрөт көргөзмөсү өтөт

Бишкекте 24-июлда “Жан дүйнө жаңырыгы” аттуу көркөм сүрөт көргөзмөсү өтөт. Иш-чара Ч. Айтматов атындагы Дубовый парктагы С.А. Чүйков атындагы арт-галереяда уюштурулат.

Көргөзмөдө Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №19 мекемесинде өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын өтөп жаткан Вячеслав Абдрашитовдун сүрөт эмгектери коюлат.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, иш-чара соттолгондорду кайра социалдаштыруу, алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүү жана коомго кайра аралашууга даярдоого багытталган. Ошондой эле жазаларды аткаруу системасындагы тарбиялык жана ресоциализациялык иштер тууралуу коомчулукка маалымат берүү максатын көздөйт.

Көргөзмөгө каалоочулардын бардыгы катыша алат. Кирүү акысыз. Келгендер сүрөттөрдү көрүү менен катар өзүнө жаккан эмгектерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар