Бишкекте 17–18-июль күндөрү саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында ачык асман алдындагы жайкы музыкалык кечелер уюштурулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн жандуу музыка, ыр-бий жана көңүлдүү концерттик программа даярдалган.
Мэриянын маалыматына караганда, иш-чаранын максаты – борбор калаанын маданий жашоосун жандандыруу, чыгармачыл жамааттарды колдоо жана шаардыктарга үй-бүлөсү, жакындары жана достору менен мазмундуу эс алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү.
Муниципалитет бардык каалоочуларды жайкы музыкалык кечелерге катышууга чакырды.



