Башкы беткеКоомАла-Тоо аянтында Дүйнө чемпионатынын финалы чоң экрандан көрсөтүлөт

Ала-Тоо аянтында Дүйнө чемпионатынын финалы чоң экрандан көрсөтүлөт

19-июлда саат 21:00дө Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши чоң экран аркылуу түз көрсөтүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, көрүүчүлөр үчүн жогорку сапаттагы LED-экран жана заманбап үн жабдуулары орнотулат. Оюн башталганга чейин Ulukmanapo, Jax 02.14, Freeman 996, Бегиш, Баястан, Бек Борбиев, Ния, Афток жана белгилүү диджейлердин катышуусунда концерттик программа өтөт. Ошондой эле интерактивдүү аянтчалар, сынактар, белектердин ойнотулушу жана фуд-корт уюштурулат.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз футбол биримдигинин колдоосу менен “Legend Fan Festival” фан-зонасынын расмий ачылышы да болот.

Буга байланыштуу 19-июлда саат 19:00дөн тартып Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Чүй проспектисинен Эмгек даңкы аянтына чейинки тилкесинде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун финалдык беттешти борбордук аянттан бирге көрүүгө чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар