Башкы беткеКоомНарында жер титиреди

Нарында жер титиреди

Нарын облусунда бүгүн түнкү саат 02:40та күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Оттук айылынан 5 чакырым, ал эми Нарын шаарынан 31 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү калктуу конуштарда төмөнкүдөй сезилген:

Оттук, Казан-Куйган айылдарында – болжол менен 5 балл;

Жерге-Тал, Кызыл-Жылдыз, Эчки-Башы, Эмгекчил айылдарында – 4 балл;

Куйбышев, Шоро, 8-Март, Ак-Талаа, Достук, Жаңы-Булак, Миң-Булак, Жалгыз-Терек, Орто-Саз, Ак-Кыя, Орто-Нура жана Кеңеш айылдарында – 3,5 балл;

Нарын шаарында – 3 балл.

Учурда мамлекеттик органдар тарабынан жабыркагандар же имараттарга зыян келтирилгени тууралуу маалымат бериле элек.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар