Башкы беткеКоомЖОЖдорго кабыл алуунун экинчи туру башталды

ЖОЖдорго кабыл алуунун экинчи туру башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру башталды. Талапкерлер документтерин жана тандоосун 22-июль саат 14:00гө чейин “Абитуриент Online” системасы аркылуу каттай алышат.

Биринчи турдун жыйынтыгында абитуриенттер 42,6 миң электрондук талон катташкан. Алардын 15,3 миңи бюджеттик орундарга, 27,3 миңи контракттык негизде окууга тапшырылган.

Жогорку окуу жайлары биринчи этаптын жыйынтыгында 29,5 миң талапкерди окууга сунуштаган.

Кабыл алуу жалпысынан беш тур менен өтөт. Ар бир тур аяктагандан кийин бош орундар кайрадан жарыяланып, абитуриенттерге тандоосун жаңылоого мүмкүнчүлүк берилет.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде кабыл алуу жогорку окуу жайларына гана эмес, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн колледждерге да жүргүзүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар