Кыргызстандын айрым тоолуу аймактарында жакынкы күндөрү сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 21–25-июль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жана суу ташкыны болушу ыктымал.
ӨКМ жарандарды сактык чараларын көрүүгө жана өзгөчө кырдаал жаралган учурда тиешелүү кызматтардын эскертүүлөрүнө көңүл бурууга чакырды.



