Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштуу жасалма аккаунттар пайда болуп, жалган маалыматтарды таратып жатканын билдирди.
Анын айтымында, буга чейин ушундай мүнөздөгү билдирүүлөр мурдагы саясатчылар Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана айрым өкмөттүк эмес уюмдарга байланыштуу аккаунттар аркылуу тараган.
Орунбеков эми мындай аракеттерге «Ташиевдин командасына байланыштуу фейк аккаунттар» кошулганын белгиледи. Анын маалыматына караганда, бул баракчалар аркылуу бийликке каршы ар кандай айыптоолор, анын ичинде «Кыргызстанды Кытай басып алууда», жерлер сатылып жатат жана тышкы карыз көбөйүүдө деген сыяктуу маалыматтар таратылууда.
“Эгер бул адамдар аныкталып, кармалып, камакка алынганда, кийин алардын жакындары “баласын жөн жерден камашты” же “кызын себепсиз суракка чакырышты” деген билдирүүлөр менен чыкпашы керек”, — деп жазган Орунбеков.
Ал ошондой эле Президенттин администрациясынын кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактардагы коомдук маанайды туруксуздаштырууга аракет кылган аккаунттарды аныктап жатканын билдирди. Бул багытта укук коргоо органдары да иш алып барууда.
Орунбеков жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырып, өлкөдө негизги көңүл экономиканы өнүктүрүүгө, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жана жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө бурулушу керектигин белгиледи.



