Бишкекте коомдук транспортто жол киренин төлөнүшүн көзөмөлдөө боюнча рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө көзөмөлчүлөр жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөнүн жана банктык карта, QR-код же башка электрондук төлөм ыкмалары колдонулган учурда төлөмдү ырастаган чек же квитанциянын бар-жогун текшеришет.
Ишкана белгилегендей, рейддердин максаты – жол кирени төлөө тартибин көзөмөлдөө, төлөм системасынын ачыктыгын камсыз кылуу жана коомдук транспорттун кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу.
Жүргүнчүлөргө төлөмдү ырастаган чек же квитанцияны текшерүү аяктаганга чейин сактап жүрүү сунушталат.
Эске салсак, мыйзамга ылайык, коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөндөргө миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.



