Башкы беткеПрезидентБаткенде 10 миң орундуу стадиондун курулушу быйыл аяктайт

Баткенде 10 миң орундуу стадиондун курулушу быйыл аяктайт

Баткен шаарында 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан стадиондун курулушу 60 пайызга аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштеринин жүрүшү менен облус башчысы Мамыржан Рахимов таанышып чыкты. Учурда негизги курулуш иштери 60 пайызга бүткөрүлүп, объектти ушул жылдын октябрь айынын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.

Жалпы аянты 10 гектарды түзгөн спорт комплексинде футболдук башкы арена, үч машыгуу талаасы, төрт кичи футбол аянтчасы, 100 орундуу жатакана жана 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.

Маалыматта белгиленгендей, стадион пайдаланууга берилгенден кийин облустук жана республикалык деңгээлдеги спорттук жана башка ири иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Долбоор президенттин “2024–2034-жылдары Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар