Баткен шаарында курулуп жаткан ипотекалык турак жайлардын бир бөлүгү быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, облус башчысы Мамыржан Рахимов курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Турак жайлар “Менин үйүм – 2021–2026” программасынын алкагында курулууда.
Учурда шаарда “Асман резиденс №1”, “Асман резиденс №2” жана “Асман резиденс №3” турак жай комплекстери курулуп жатат. Үч комплекстеги батирлердин жалпы саны 4116ны түзөт.
Быйыл “Асман резиденс №1” комплексинин 17 блогундагы 1050 батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Учурда объектте суу кампасы жана саркынды суу системаларын куруу иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Баткен облусунда Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай алуу үчүн 3425 жаран кезекте турат.
Келечекте ипотекалык үйлөрдү облустун башка шаар жана райондоруна да куруу пландалууда.



