Башкы беткеМинистрлер кабинетиКочкор-Атада мунай заводу курулат

Кочкор-Атада мунай заводу курулат

Кочкор-Ата шаарында заманбап мунайды кайра иштетүүчү завод курулат. Бул боюнча Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен “Борбордук Азия энергетикасы” ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду.

Долбоорго жалпысынан 25 млн АКШ доллары көлөмүндө инвестиция тартылат. Курула турган завод жылына 450 миң тонна мунай иштетүүгө ылайыкталып, ишке берилгенден кийин кеминде 300 жаңы жумуш орду түзүлөт. Ишканада эмгектене турган кызматкерлердин 90 пайызы Кыргызстандын жарандары болот.

Заводдо К-5 жана К-6 экологиялык класстагы бензин, дизелдик отун, битум жана мотор майлары өндүрүлөт.

Долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу каралып, анын биринчи этабын 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар