Шаар көчү кайда барат?
Соңку жылдары Бишкек шаарында автоунааларга гана эмес, жөө жүрүүчүлөргө, эс алуучуларга багытталган заманбап шаардык чөйрөнү түзүү (урбанистика) багытында алгылыктуу кадамдар ташталууда. Мунун алкагында борбор калаада «променад» (жөө сейилдөө үчүн атайын жабдылган, жашылдандырылган кеңири аймак/зона) түшүнүгү өзгөчө мааниге ээ боло баштады.
Сейилдөө аймактары (Променад (фр. promenade) — сейилдөө, сейилге чыгуу) азыркы маанисинде айрыкча ири шаарларда жөө сейилдөөчү жай, көбүнчө суу жээктерин, деңиз бойлорун бойлой кеткен аймакты билдирет.
Жакынкы келечекте жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймагын түзүү, куруу иштери трендге айланчудай. Учурда борбор калаадагы Чоң Чүй каналынын жээгинде жаңы жол куруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймагын уюштуруу иштери кызуу жүрүп жатат. Мэриянын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, долбоор Үсөнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкени камтыйт. Курулуш иштерине тоскоолдук жараткан мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштеринин алкагында: 1 жеңил типтеги объект; 9 жеңил тор конструкциядагы объект; 3 капиталдык тосмо алынган.
“Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында муниципалдык менчиктеги жалпы аянты 2 620 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз курулуштардан бошотулду”,-деп айтылат маалыматта.
Учурда негизги иштер жана сейилдөө аймагын кеңейтүү Махатма Ганди жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жүргүзүлүүдө. “Манхэттен” долбоорунун алкагында шаардык кызматтар аймакты бошотуу үчүн мыйзамсыз курулуштарды жана капиталдык тосмолорду бузуу иштерин алып барууда.
Дагы бир маанилүү жаңылык — Ала-Арча дарыясынын жээгин бойлой, Жайыл Баатыр проспектисинен тартып Түштүк Чоң Чүй каналына чейинки аралыкта чоң променад куруу пландалууда. Бул долбоор борбор калаанын суу жээктерин коргоо менен бирге, узун аралыкка созулган велосипед жана жөө жүрүүчүлөр үчүн бирдиктүү эко-коридор түзүүнү көздөйт.
Сейилдөө маданиятын өнүктүрүү шаардагы иштеп жаткан жашыл аймактарды жаңылоо менен түздөн-түз байланыштуу. Учурда шаардын ар кайсы райондорунда масштабдуу реконструкция иштери жүрүп жатат. Ататүрк паркында жөө жүрүүчүлөр жана велосипед жолдорун куруу иштери кызуу жүрүүдө.
Мэриянын пландарына ылайык, Жаштар Гвардиясы (Молодая Гвардия), Тоголок Молдо бульварлары жана Эркиндик (Дзержинка) аллеясы сыяктуу тарыхый сейилдөө зоналары этаптуу түрдө комплекстүү реконструкциядан өтүүдө. Бул жерлерде эски асфальттар заманбап каптамаларга алмашып, сугат лотоктору, түнкү чырактар жана заманбап отургучтар жаңыланууда.
Шаардын четиндеги конуштарда (Ак-Бата, Дордой, Энесай ж.б.) жана кичи райондордо жаңы скверлер менен парктардын курулушу каралган. Бул шаардын борборуна гана эмес, бардык аймактарына тегиз жашыл зоналарды жайылтуу саясатынын бир бөлүгү.
Муниципалитеттен белгилешкендей, аткарылып жаткан иштер аймактын экологиялык абалын жакшыртууга, чектеш аймактардагы коопсуздукту жогорулатууга, борбордун жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө, транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Чоң Чүй каналын (ЧЧК) көрктөндүрүү боюнча масштабдуу долбоор шаардыктардын жана шаардын меймандарынын көңүлүн өзүнө буруп, кызыгуусун жаратууда. Жээктерди бойлото жаңы жол жана заманбап сейилдөө аймагы (променад) курулуп, жээктер бекемделип, шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын көрүп көз сүйүнөт.
Негизинен иштер тээ ала жаздан эле башталган. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев март айында эле Чоң Чүй каналын (ЧЧК) бойлой жайгашкан аймакты — Жаш Гвардия бульварынан Элебаев көчөсүнө чейин көрктөндүрүү боюнча иштердин биринчи этабы менен таанышканы, тиешелүү кызматтарга суу коргоо зонасынын талаптарын бузган объектилерге карата тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырганы эсибизде.
Биринчи этапта аймакты камыштардан жана бадалдардан тазалоо, каналдын боюндагы дарактарды санитардык бутоо (кыркуу), ошондой эле мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери аткарылмак. Бул иштерди аткаруу үчүн 10дон ашык атайын техника жана ишкананын 30га жакын кызматкери тартылган болчу. Экинчи этапта жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүү жана жол салуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө пландалган эле. Үчүнчү этап болсо сейилдөө аймагын (променад) куруу менен долбоор жыйынтыкталмак.
Сейилдөө аймагын түзүү жана ЧЧКны көрктөндүрүү боюнча комплекстүү долбоор ырааттуу улантылып, апрель айында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын алкагында Чоң Чүй каналы (ЧЧК) жээгин көрктөндүрүү боюнча борбордо экологиялык абалды жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүүгө багытталган комплекстүү иштер жүргүзүү улантылган.
21-апрелде мэрдин орун басары Рамиз Алиев кытайлык инвестор компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрүп, жыйындын жүрүшүндө каналдын жээк аймактары текшерилип, «Алга» стадионунун аймагындагыдай көрктөндүрүлгөн үлгүгө окшош заманбап сейил бак зоналарын түзүү үчүн алгачкы пилоттук тилкелер аныкталган.
Жыйын катышуучулары «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын питомник чарбасына барып, ал жерде 93 миң даана көчөт, анын ичинде бийик өсүүчү дарак көчөттөрү өстүрүлүп жатканына өз көзү менен күбө болушкан.
Ишкананын күнөскана комплексинин аймагында 2 миң чарчы метр аянтты камтыган долбоор ишке ашырылып, анда заманбап күнөскана курулуп, реконструкция жана көрктөндүрүү иштери уланып жатканы белгилүү болгон. Бул иштерди үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган деп мүнөздөсөк болот.
Долбоордун алкагында компаниялар менен инвестициялык келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгү каралган. Инвесторлорго шаарды жашылдандырууга катышуу жана көчөт материалдарын камсыз кылуу шарты менен жер тилкелери берилиши мүмкүн болгон өнөктөштүк механизми сунушталган.
Заманбап урбанистикада сейилдөө жайлары жөн эле сейилдөө үчүн гана кызмат кылбастан, алар шаардын туруктуу өнүгүүсүнө микроклиматты жакшыртуу жаатында салым кошот. Суу жээктериндеги жана парктардагы променаддар бак-дарактар менен курчалгандыктан, жайкы аптапта шаарды салкындатуучу табигый фильтрдин милдетин аткарат.
Велосипед, ролик тебүү жана жөө басуу үчүн коопсуз шарттар түзүлүп, автоунаага болгон көз карандылыкты азайтууга көмөктөшөт жана шаардыктардын жашоо образын өзгөртөт.
Мындай аймактар шаардыктардын, маданият өкүлдөрүнүн жана жаштардын баш кошуп, пикир алышуучу, ачык асман алдындагы маданий иш-чараларды өткөрүүчү жайлуу аянтчасына айланат.
Бишкекте сейилдөө жайларын түзүү (променад) багытында жасалып жаткан иштер борбор калааны «машиналар үчүн эмес, адамдар үчүн ыңгайлуу шаар» деңгээлине чыгарууну көздөйт. БЧК жана Ала-Арча дарыяларынын жээктерин тазалап, коомдук мейкиндикке айлантуу — шаардын экологиялык жана архитектуралык келечеги үчүн жасалган маанилүү кадам.
Дүйнөлүк тажрыйбада жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймактарын түзүү — бул жөн гана жолго плитка төшөп коюу эмес, ал шаардык чөйрөнү трансформациялоонун, экологияны жакшыртуунун жана экономиканы жандандыруунун негизги куралы болуп саналат.
Бул багытта дүйнө өлкөлөрүндө салтка айланган негизги мамилелер жана тенденциялар калыптанган. Европанын ири шаарлары (мисалы, Копенгаген, Амстердам, Париж) борбордук көчөлөрдү унаа кыймылынан толук же жарым-жартылай чектөөгө басым жасашат. Бул «унаасыз шаар» (Car-free zones) концепциясы.
Копенгагендин тажрыйбасы (Строгет көчөсү) да көңүл бурууга арзыйт. Строгет 1960-жылдары эле дүйнөдөгү эң узун жөө жүрүүчү көчөлөрдүн бирине айланган. Башында айдоочулар каршы болгону менен, кийин бул аймак сооданын жана туризмдин борборуна айланган.
Парижде Сена дарыясынын жээктерин жана борбордук кварталдарды жөө жүрүүчүлөргө берип, унаа түтүнүн азайтуу саясатын активдүү жүргүзүүдө.
Заманбап мамиле боюнча, жөө жүрүүчүлөр аймагы адамдар бир чекиттен экинчи чекитке жөн эле басып өтүүчү жол эмес, алардын убакыт өткөрүүчү негизги орду болушу керек. Ал үчүн: коомдук тамактануучу жайлар (террасалар, ачык асман алдындагы кафелер) иштеп, маданий очоктор (көчө музыканттары, арт-инсталляциялар, көргөзмөлөр үчүн аянтчалар) кызмат кылып, балдар жана спорт аянтчалары, коомдук иш-чаралар өтүүчү амфитеатрлар болушу шарт.
Жөө жүрүүчүлөр аймактарын жашылдандыруу — климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн бир бөлүгү. «Жашыл коридорлор»: дарактарды көп отургузуу аркылуу көлөкө түзүү жана шаардагы аптапты (темир-бетондун ысып кетишин) азайтууга алып келет.
Туруктуу дренаж системалары түзүлүп, жамгыр суусун сиңирип алуучу атайын эко-плиткалар жана өсүмдүктөрдү колдонулат.
Дүйнөдө жөө жүрүүчүлөр зонасын долбоорлоодо инклюзивдүүлүккө өзгөчө көңүл бурулат. Майыптыгы бар инсандар, кары-картаңдар жана бала арабасы менен жүргөн ата-энелер үчүн эч кандай тоскоолдуктардын (бийик бордюрлар, тепкичтер) болбошу керек.
Велосипед жана самокаттардын (микромобилдүүлүк) кыймылын жөө адамдардан коопсуз бөлүү (бөлүнгөн тилкелерди түзүү) шарт.
Мурда «унаа токтотуучу жай жок болсо, кардар келбей калат» деген түшүнүк болсо, азыр дүйнөлүк изилдөөлөр тескерисинче экенин далилдеди. Жөө адам унаадагы адамга караганда жай кыймылдагандыктан, витриналарды көбүрөөк көрөт, кафе-дүкөндөргө көбүрөөк баш багат. Ошондуктан, мындай аймактарды түзүүдө жергиликтүү ишкерлердин мүдөөсү жана кызыкчылыгы эске алынып, алар менен биргеликте долбоорлонот.
Жыйынтыктап айтканда, дүйнөдө жөө жүрүүчүлөр аймагына шаардын «визиттик картасы» жана жарандардын психологиялык, физикалык саламаттыгын чыңдоочу, коомдук байланыштарды бекемдөөчү башкы мейкиндик катары мамиле жасашат. Шаар борборлору «унаалар үчүн» эмес, «адамдар үчүн» деген принципке өтүүдө.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”



