Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Борбор Азия энергетикасы” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугуп, Кочкор-Ата шаарында курула турган мунайды кайра иштетүүчү заводдун инвестициялык долбоорун ишке ашыруу маселелерин талкуулады.
Долбоордун алкагында Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында К-5 жана К-6 экологиялык стандарттарына жооп берген бензин, дизелдик отун, битум жана мотор майларын өндүрүүчү, ошондой эле колдонулган майларды кайра иштетүүчү заманбап мунай заводу курулат.
Завод жылына 450 миң тонна мунай продукциясын өндүрүүгө ылайыкталып, 300гө жакын жаңы жумуш ордун түзөт. Долбоордун биринчи этабын ушул жылдын күзүндө аяктап, ишке берүү пландалууда.
Жыйында технологиялык жабдууларды өлкөгө алып келүү, бензин менен дизелдик отундун улуттук экологиялык стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле курулуштун сапаты менен белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшү боюнча маселелер талкууланды. Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.
Эрлист Акунбеков Министрлер Кабинети өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар ишкерлерди колдоого даяр экенин белгилеп, долбоорду ишке ашырууда бардык өндүрүш процесстери Кыргызстандын мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга толук жооп бериши керектигин баса белгиледи.



