Башкы беткеПрезидент"Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу" китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

“Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу” китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

21-июлда Улуттук китепканада “Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу” аттуу китептин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачар аземи өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышып, Президенттин атынан жыйындын катышуучуларын куттуктады.

Ал өз сөзүндө аталган эмгек заманбап Өзбекстандын өнүгүү багытын, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана мамлекеттик башкаруудагы өзгөрүүлөрдү чагылдырган маанилүү басылма экенин белгиледи. Ошондой эле китептин кыргыз тилине которулушу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий, илимий жана руханий кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүн айтты.

Мамлекеттик катчы эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый достук, орток маданий баалуулуктар жана стратегиялык өнөктөштүк акыркы жылдары мамлекет башчыларынын саясий эркинин негизинде жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, мындай басылмалар эки элдин өз ара түшүнүшүүсүн тереңдетип, интеллектуалдык байланыштарды бекемдөөгө кызмат кылат.

Арслан Койчиев ошондой эле китеп жаштар, окумуштуулар, мамлекеттик кызматкерлер жана кеңири окурмандар үчүн пайдалуу маалымат булагы болоруна ишенимин билдирип, басылманын жарык көрүшүнө салым кошкон авторлорго, котормочуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык айтты.

Иш-чаранын соңунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана кызматташтык мындан ары да бекемделе берерине ишеним айтылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар