Башкы беткеКоом"Бала ырысын" алуу үчүн кайсы учурда кошумча маалымкат керек?

“Бала ырысын” алуу үчүн кайсы учурда кошумча маалымкат керек?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн кайрылган айрым ата-энелерге маанилүү эскертүү берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, эгер баланын жалпы жарандык паспорту жок болсо, анын Кыргызстандын жараны экенин ырастаган маалымкат талап кылынат. Бул документсиз жөлөкпул дайындоо кечеңдеши мүмкүн.

Маалымкатты алуу үчүн ата-энесинин бири же мыйзамдуу өкүлү “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборуна кайрылышы керек. Кайрылуу учурунда маалымкат “Бала ырысы” жөлөкпулун тариздөө үчүн керек экенин кызматкерге билдирүү зарыл.

Кызмат алуу үчүн алдын ала электрондук кезекке жазылуу талап кылынат. Маалымкат 14 жумуш күнүнө чейин даярдалат.

Ошондуктан министрлик жөлөкпулду өз убагында алуу үчүн бул документти алдын ала даярдап коюуну сунуштайт.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар