Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда электр энергиясын керектөө азайды

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө азайды

Кыргызстанда өткөн суткада электр энергиясын керектөө 48,4 млн кВт/саатты түзүп, акыркы күндөргө салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Министрликтин билдиришинче, 22-июлга карата өлкөнүн энергетика системасы штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык үзгүлтүктөр катталган эмес.

Ошол эле учурда күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында өлкөдөгү энергетикалык объектилерде пландуу оңдоо иштери уланууда. Оңдоо иштеринин графиги “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын расмий сайтына жана “Мой свет” мобилдик тиркемесине жайгаштырылган.

Энергетика министрлиги жарандарды электр энергиясын өзгөчө жүктөм күчөгөн маалда үнөмдүү пайдаланууга чакырып, бул өлкөнүн энергосистемасынын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого жардам берерин белгиледи.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар