Башкы беткеПрезидентЖумушка кабыл алууда жеке жашоого байланыштуу суроолорго чектөө коюулду

Жумушка кабыл алууда жеке жашоого байланыштуу суроолорго чектөө коюулду

Садыр Жапаров “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду.

Жаңы өзгөртүүлөр гендердик теңчиликти камсыздоого, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана эмгек чөйрөсүндө кызматкерлердин укуктарын коргоого багытталган.

Мыйзамда алгачкы жолу “сексуалдык асылуу”, “гендердик зомбулук” жана “эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук” түшүнүктөрүнө так аныктама берилди. Мындан ары жумуш ордундагы сексуалдык мүнөздөгү жагымсыз аракеттер, анын ичинде мессенджерлер аркылуу жазышуулар да сексуалдык асылуу катары каралат.

Ошондой эле иш берүүчүлөргө бош жумуш орундарын жарыялоодо жынысына карата чектөө коюуга жана талапкерлерден жеке жашоосу, балдары же бала төрөө планы тууралуу суроого тыюу салынды.

Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык органдарда бир жыныстагы кызматкерлердин үлүшү 70 пайыздан ашпоого тийиш.

Эгер сот гендердик басмырлоо фактысын аныктаса, иш берүүчү мыйзамсыз четтетилген кызматкерди кайра жумушка алып, келтирилген материалдык жана моралдык чыгымды төлөп берүүгө милдеттүү болот.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар