Президент мамлекетке пайда алып келген ар бир ишкер үчүн адилеттүү жана бирде шарт түзүлүшү керектигин 2024-жылы 30-сентябрда “Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводунун ачылышында дагы билдиргенин эске салабыз. Анда мамлекет башчысы инвесторду жергиликтүү же чет өлкөлүк экенине, ошондой эле саясий көз карашына карап эмес, өлкөнүн экономикасына кошкон салымы менен баалоо зарыл деген.
Мамлекет башчысы мисал катары “Бай Элим” компаниясын келтирип, убагында айрымдар компанияны саясий көз карашына байланыштуу колдобоону сунуштаганын айтты. Бирок ал саясатты өндүрүш, айыл чарбасы, экспорт жана жумуш орундарын түзүү менен аралаштырбоо керектигин белгилеп, ишкерлерге мыйзам чегинде колдоо көрсөтүүнү тапшырган.
Президент бүгүн анын жыйынтыгында заманбап завод курулуп, айыл чарба продукциясы кайра иштетилип экспорттолуп жатканын, жаңы жумуш орундары түзүлүп, өлкө экономикасына салым кошулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал коом эски саясий түшүнүктөрдөн арылып, мамлекетке пайда алып келген ишкерлерди саясий көз карашына карабай колдоого тийиш экенин кошумчалаган.



