Садыр Жапаров “Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам 2026-жылдын 11-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын негизги максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын жөнөкөйлөтүү, бюрократияны азайтуу жана санариптештирүү.
Документке ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар акы төлөнүүчү кызматтардан өзүнчө бөлүнөт. Ошондой эле мыйзам боюнча акысыз көрсөтүлүүгө тийиш болгон кызматтар үчүн жарандардан акы алууга тыюу салынат.
Мыйзамда калктын социалдык жактан аялуу катмарлары үчүн жеңилдиктерди берүү, кызматтарды проактивдүү форматта көрсөтүү жана санариптик технологияларды кеңири колдонуу каралган. Мындан тышкары, интернет же санариптик кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн кызмат алуунун альтернативдүү жолдору сакталат.
Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлүп, жеке секторду айрым кызматтарды көрсөтүүгө тартууга мүмкүнчүлүк берилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.



