Ош шаарында жана Ош облусунда вирустук гепатит В жана С менен 1 миң 204 адам диспансердик каттоодо турат. Бул тууралуу Ош облустук гемоконтакттык, вирустук гепатиттер жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусун көзөмөлдөө борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында гепатит В диагнозу менен каттоодо турган 785 адам бар. Алардын 609у Ош облусунун, 176сы Ош шаарынын тургундары.
Ал эми гепатит С боюнча 419 адам медициналык көзөмөлдө турат. Анын ичинен 317си Ош облусунда, 102си Ош шаарында жашайт.
Борбордун маалыматына караганда, Кыргызстанда оорунун көпчүлүк учурлары кеч аныкталууда. Расмий маалыматтар боюнча, катталган учурлардын болжол менен 94 пайызы өнөкөт түргө өткөн же боордун циррозу, рак сыяктуу татаалдашуулар менен коштолгон.
Дарыгерлер вирустук гепатиттин оор кесепеттерин алдын алуу үчүн убагында текшерүүдөн өтүүнү, гепатит Вга каршы эмдөөдөн өтүүнү жана ооруну эрте аныктоонун маанилүүлүгүн эскертишет.



