Садыр Жапаров 23-июлда Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.
Жолугушууда тараптар ТМУ алкагындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Мамлекет башчысы уюмга мүчө өлкөлөрдүн өз ара байланышы акыркы жылдары ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, кабыл алынган чечимдерди өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Садыр Жапаров экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, транспорттук жана башка инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү, ошондой эле биргелешкен инвестициялык демилгелерди ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи.
Президент Түрк инвестициялык фондунун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу маанилүү экенин айтып, Кыргызстан бул багыттагы кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Мындан тышкары, жолугушууда маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык байланыштарды бекемдөө, ошондой эле ТМУнун артыкчылыктуу багыттары боюнча мындан аркы кызматташуу маселелери каралды.



