VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жаңы «Бишкек Арена» стадионунда өтөт. Бул тууралуу оюндардын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, «Бишкек Арена» стадиону Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы өтө турган жети негизги аянтчанын алгачкысы болот.
Буга чейин стадиондун курулушу 1-сентябрга чейин бүткөрүлөрү маалымдалган.
«Бишкек Аренада» өтө турган расмий ачылыш аземи Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда уюштурула турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына старт берет.
Алтынбек Максүтовдун айтымында, стадиондо өтө турган ачылыш аземин уюштуруу Президенттин Иш башкармалыгына жүктөлгөн. Ал эми 1–6-сентябрь аралыгындагы маданий иш-чараларды Маданият министрлигинин штабы өткөрөт.
Буга чейин Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 31-августта стадиондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи гана өтөрүн билдирген. Анын алкагында мамлекет башчыларынын катышуусунда оюндарга катышкан өлкөлөрдүн командаларынын парады уюштурулуп, андан соң кыска концерттик программа көрсөтүлөт.
Ошондой эле ал «Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылышы сентябрдын аягына чейин өзүнчө чоң майрамдык форматта өтөрүн маалымдаган. Иш-чарага Кыргызстандын бардык жарандары чакырылып, эстрада жылдыздарынын катышуусунда кеңири концерттик программа уюштурулары белгиленген.



