25-июлдан тарта Кыргызстанда башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун бош кызмат орундарына квалификациялык тестирлөө башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тестирлөө мектепке чейинки, жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары үчүн бирдиктүү кадрдык резервди түзүү максатында өткөрүлөт.
Конкурстун биринчи этабы 25-июлдан 31-июлга чейин уланат. Жалпысынан 2147 арыз түшүп, алардын ичинен 1729 талапкердин документтери кабыл алынган. Ал эми 90 талапкердин документи четке кагылып, 328 арыз оңдоого жөнөтүлгөн.
Кабыл алынган талапкерлердин ичинен:
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарына – 747;
- жалпы билим берүү уюмдарына – 1137;
- башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына – 116;
- мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарына – 147 талапкер катталган.
Министрлик эске салгандай, квалификациялык тестирлөөгө документ кабыл алуунун экинчи этабы 8-августтан 31-октябрга чейин жүргүзүлөт. Ал эми конкурстун экинчи этабы 16–27-ноябрь аралыгында өтөт.
Конкурсту Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти уюштурат.



