Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров 24-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны 69 жашка толушу менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, күч-кубат жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Сүйлөшүүдө Садыр Жапаров Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформаларга жогору баа берип, Мирзиёевдин жетекчилиги алдында өлкөнүн өнүгүүсүндө олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле президент эки тараптуу демилгелерди колдогону үчүн өзбек лидеринe ыраазычылык билдирип, анын Борбор Азиядагы аймактык кызматташтыкты чыңдоодогу ролун белгиледи.

Мамлекет башчысы 21-июлда Бишкекте өткөн “Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу” аттуу китептин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачары ийгиликтүү өткөнүн да эске салды.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев жылуу куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы боордоштук жана ынак коңшулук мамилелер мындан ары да бекемделерине ишеним билдирди.

Тараптар кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгү жаңы долбоорлор жана демилгелер менен толукталып, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн динамикалуу өнүгүп жатканын белгилешти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар