Башкы беткеКоомБашкы прокуратура мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтарууну күчөтөт

Башкы прокуратура мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтарууну күчөтөт

24-июлда Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Малик Бектургановдун төрагалыгы алдында прокуратура органдарынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү.

Жыйында Малик Бектурганов жарандардын кайрылууларын кароону прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгилеп, аларды мыйзам чегинде өз убагында, толук жана сапаттуу кароо, бюрократияга жана создуктурууга жол бербөө милдетин койду.

Коллегияда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын укуктарын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо, коррупцияга каршы күрөшүү, тергөө органдарынын ишине көзөмөл жүргүзүү жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылган иштер талданды.

Ошондой эле жер жана турак жай маселелери, социалдык жана эмгек укуктарын, балдардын жана ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктүн сакталышы негизги багыттар катары белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгында бюджеттик каражаттарды жана мамлекеттик мүлктү пайдалануудагы мыйзам бузууларды аныктоо, мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү, ошондой эле мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди жана жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар