Кыргызстандын социалдык-экономикалык турмушунда энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана ички рынокту күйүүчү-майлоочу майлар менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси бүгүнкү күндө өлкөнүн улуттук коопсуздугунун эң курч көйгөйүнө айланды. Дүйнөлүк геосаясий чыңалуу, Украинадагы согуштук аракеттер, Жакынкы Чыгыштагы Ормуз кысыгындагы чыңалуу жана Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун украин дрондорунун чабуулунан улам талкаланышы сыяктуу глобалдык факторлор эл аралык соода саясатына жана аймактык логистикага олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди.
Россия өзүнүн ички рыногунда пайда болгон 50 миллион тонналык дефицитти жана тартыштыкты жабуу максатында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга бензин жана дизель отунун экспортуна убактылуу тыюу салышы өлкөбүздүн энергетикалык рыногунда күтүүсүз чыңалууну жаратты. Буга чейин жылдык 1,2 – 1,6 миллион тонналык күйүүчү май керектөөсүнүн негизги бөлүгүн дал ушул Россиядан ташып келген Кыргызстан үчүн бул кырдаал тез арада ыкчам чечимдерди кабыл алууну, стратегиялык өнөктөштүктү кайра карап чыгууну жана улуттук көз карандысыздыкты бекемдөө боюнча узак мөөнөттүү реформаларды колго алууну талап кылды.
Кыйын кезең келгенде жалындуу сөздөрдүн, дипломатиялык убадалардын баркы кетет. Анткени оор учурда ким чыныгы дос, ким ишенимдүү өнөктөш экенин куру сөз эмес, конкреттүү иш-аракет жана кол сунуу гана далилдейт. «Дос кыйынчылыкта билинет» деген байыркы акылмандык бүгүнкү эл аралык мамилелерде жана геоэкономикалык кризисте болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп турат. Айрым өлкөлөр өздөрүн биздин эң жакын өнөктөшүбүз же досубуз деп атаганды жакшы көрүшкөнү менен, чыныгы сыноо учуру келгенде өз ички кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп, келишимдик милдеттенмелерин убактылуу токтотууга мажбур болушту. Мына ушундай кризистик чакырыктардын алдында Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын ыкчам диверсификациялап, чыныгы достук мамилесин сөз менен эмес, иши менен далилдеген коңшу жана аймактык өнөктөштөрүнүн колдоосун сезди.
Бишкек шаарында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндүн ичинде 10-12 сомго кымбаттап, литри 110 сомго чыгып, ал тургай эркин базарда АИ-95тин чыныгы наркы 120 сомго, АИ-92ники 114 сомго, ал эми дизель отунунун баасы 150 сомго чейин чыгып кетүү тобокелдиги жаралды. Бензин жана дизель бааларынын мындай кескин секириги калк арасында негиздүү тынчсызданууну жаратып, улуттук экономиканын бардык тармактарына, жүк жана жүргүнчү ташууга, логистикалык түйүндөргө, жазгы-күзгү айыл чарба иштерине, ири курулуштарга жана чакан-орто бизнестин күнүмдүк ишмердүүлүгүнө түздөн-түз терс таасирин тийгизе баштады. Күйүүчү май – бул жөн гана автоунаа багытындагы өндүрүштүк продукт эмес, ал бардык товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркын калыптандыруучу социалдык маанилүү базалык ресурс. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экономист Элдар Абакиров жана эл аралык эксперттер, анын ичинде Глазго университетинин профессору Лука Анчески белгилегендей, Борбор Азияда орус мунайына көз каранды өлкөлөрдүн ичинен эң аялуу абалда Кыргызстан менен Тажикстан турат. Анткени бул эки өлкөдө тең ички керектөөнү толук жаба турган жетиштүү мунай иштетүүчү кубаттуулуктар жок жана сырттан даяр продукцияны импорттоого 100%дай көз каранды.
Мындай оор кризистик кырдаалда Министрлер Кабинети ыкчам стратегиялык кадамдарды жасап, кырдаалды толугу менен көзөмөлгө алууга жетишти. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев белгилегендей, өкмөттүн эң биринчи жана негизги милдети баалардын негизсиз өсүшүн ооздуктоо, базардагы жасалма таңкыстыкты жоюу жана өлкөдөгү күйүүчү майдын корун кеминде 2,5 айлык деңгээлге жеткирүү болду. Кырдаал ашынган маалда өлкөдө болгону 2-3 аптага араң жете турган май кору калган болсо, көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында бул көрсөткүч кыска мөөнөттө 1,5 айга жеткирилди.
Мамлекет баанын кескин өсүшүн токтотуу максатында социалдык маанилүү товар болуп саналган дизель отунуна жана ички рынокту камсыздаган мунай ташуучу компанияларга 25-майдан 30-сентябрга чейин убактылуу мамлекеттик субсидияларды бере баштады. Бул чечим айыл чарбасын, кен казуу тармагын жана коомдук транспортту кризистик соккудан коргоп калууга мүмкүндүк берди. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ЕАЭБ алкагында импорттук төлөмдөрдөн бошотуу жана башка жеңилдиктерди алуу маселелери да комплекстүү каралууда.
Жалгыз гана бир булакка байланбастан, күйүүчү май ташуу маршруттарын диверсификациялоо өлкөнүн азыркы экономикалык саясатынын башкы артыкчылыгына айланды. «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнүн баяндамачысы Азамат Касыбеков жазгандай, өлкө үчүн ушул кыйын кезеңде чыныгы достук мамилесин көрсөткөн мамлекеттерден конкреттүү жардамдар келе баштады. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков тастыктагандай, Кытай Эл Республикасы менен жетишилген макулдашуулардын негизинде автоунаа транспорту аркылуу күйүүчү майдын биринчи партиясы Кыргызстанга жөнөтүлдү. өкмөт башчысы тарабынан Транспорт, Энергетика министрликтерине, Бажы жана Салык кызматтарына Кытайдан келген жүктөрдү чек арадан жана жолдордон тоскоолдуксуз, ыкчам киргизүү боюнча атайын тапшырмалар берилди.
Кытайдан сырткары, өнөктөштүк колдоо стратегиялык деңгээлде кеңейди. Беларусь Республикасы менен келишимдерге кол коюлуп, Россия аймагы аркылуу транзиттик маселелер Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Россиянын өкмөтү менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында оң чечилип, күйүүчү май ташыган алгачкы темир жол курамдары Кыргызстанга жетип келди. Коңшу ªзбекстан да дароо кол сунуп, күйүүчү-майлоочу материалдарды жөнөтө баштады. Муну менен катар, аталган өлкөнүн мунай иштетүүчү кубаттуулуктарында сырьену кайра иштетип алуу боюнча тийиштүү келишимдер түзүлдү. Ал эми Казакстан менен түзүлгөн келишимдердин алкагында күз-кыш мезгилине даярдык катары жылуулук от казандары үчүн ай сайын 15–20 миң тонна мазут жеткирилип турмакчы. Бул мазутту андан ары кайра иштетүү аркылуу АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди жана К-4, К-5 экологиялык стандарттарына жооп берген дизель майын өндүрүүдө колдонууга жол ачылды. Мындай ыкчам аралашуулар улуттук рынокту капыстан кабылган коллапстан сактап калды.
Бирок, ар кайсы өлкөлөрдөн ар кандай логистикалык жолдор менен келип жаткан күйүүчү майлардын сапаты жана өздүк наркы түрдүүчө болууда. Мунай ташуучулар биримдиги жана жергиликтүү айдоочулар белгилегендей, рынокто айрыкча АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин сапаты төмөндөп, заманбап автоунаалардын кыймылдаткычтарына терс таасирин тийгизген учурлар катталды. Бул маселе өлкөдө күйүүчү майдын бирдиктүү улуттук экологиялык жана сапаттык стандарттарын иштеп чыгууну, ошондой эле чек арадан кирген ар бир партияны сапаттык контролдон өткөрүүнү талап кылууда.
Электр энергиясын өндүрүүдөн айырмаланып, күйүүчү май кризиси калктын күндөлүк турмушунун кымбатташына түздөн-түз таасир этерин эске алып, мамлекет узак мөөнөттүү өздүк өндүрүштү туруктуу жолго коюуну башкы максат кылды. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Борбор Азия энергетикасы” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугуп, ири инвестициялык долбоорду талкуулады. Кол коюлган келишимге ылайык, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында К-5 жана К-6 жогорку экологиялык стандарттарына жооп берген бензин, дизель, битум, мотор майын өндүрүүчү жана колдонулган майларды кайра иштетүүчү заманбап завод курулууда. Заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 450 миң тонна мунай продуктусун түзүп, 300дөй жаңы жумуш ордун ачат. Заводду куруунун биринчи этабы үстүбүздөгү жылдын күз айларында аяктайт.
Кыргызстандын аймагында болжол менен 10-15 жылдык өздүк мунай кору бар экени белгилүү. Мамлекеттик “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомун масштабдуу модернизациялоо, Чүй облусундагы “Жунда” мунай иштетүүчү заводун толук кубаттуулукта кайра иштетүү жана Кочкор-Атадагы жаңы заводдун ишке кириши өлкөдө ички өндүрүш кластерин түзөт. Эгерде Кочкор-Атадагы завод жылына 400-450 миң тонна продукция чыгарса, бул өлкөнүн жылдык 1,6 миллион тонналык керектөөсүнүн төрттөн бир бөлүгүн (25%) жабат. “Жунда” заводу жана башка кубаттуулуктар кошулганда, Кыргызстан өз муктаждыгынын олуттуу бөлүгүн ички ресурстардын эсебинен камсыз кылып, тышкы баа саясатынын көз карандылыгынан кутула алат.
Буга катар эле, рынокто күйүүчү майдын кымбатташы өлкөдө “жашыл энергетикага” жана электр транспортуна өтүү процессин тездетүүдө. Экономисттердин эсеби боюнча, эгер мурда өлкөдөгү автопарктын 10-15%ын электр мобилдер түзгөн болсо, учурдагы күйүүчү май кризиси бул көрсөткүчтү жакынкы арада 25-30%га чейин жеткириши мүмкүн. Электр транспортуна массалык түрдө өтүү бир тараптан күйүүчү майга болгон муктаждыкты азайтса, экинчи тараптан өлкөнүн экологиясын жакшыртууга жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылууга чоң салым кошот.
Кыргызстан бүгүнкү күнү татаал сыноолордун жана структуралык өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат. Россиядагы геологиялык жана аскердик-саясий кризистен улам келип чыккан күйүүчү май тартыштыгы өлкөгө өзүнүн энергетикалык саясатын пайдубалынан бери кайра карап чыгууга түрткү берди. Кризистик кырдаалда ишенимдүү коңшулар жана чыныгы достор – Кытай, Беларусь, ªзбекстан жана Казакстан сөз менен эмес, конкреттүү келишимдер жана тез арада ташылып келген ресурстар аркылуу өз өнөктөштүгүн далилдешти. Ал эми мамлекеттик деңгээлде Кочкор-Атадагы жана Чүйдөгү мунай иштетүүчү заводдорду модернизациялоо, өздүк мунай кендерин өздөштүрүү, субсидиялоо саясатын туура жүргүзүү жана электр транспортун колдоо кадамдары Кыргызстандын келечектеги энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуунун жана ар кандай тышкы таасирлерге туруктуу улуттук экономиканы куруунун ишенимдүү кепилдиги болуп калат.
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»



