Башкы беткеМаданиятКыргыз театры дүйнөдөгү эң абройлуу "Avignon Off" фестивалына чыгышы мүмкүн

Кыргыз театры дүйнөдөгү эң абройлуу “Avignon Off” фестивалына чыгышы мүмкүн

Франциянын Авиньон шаарында 13–25-июль күндөрү өтүп жаткан “Avignon Off 2026” эл аралык театр фестивалынын алкагында Кыргызстандын маданиятына арналган тегерек стол уюштурулду.

Иш-чарага театр таануучулар, маданият тармагынын өкүлдөрү, фестивалдын уюштуруучулары жана эл аралык эксперттер катышып, кыргыз театр искусствосунун тарыхы, бүгүнкү абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу пикир алышты.

Талкууда кыргыз театр өнөрүн дүйнөлүк аренада жайылтуу, чыгармачыл кызматташууну кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана жаш театр ишмерлерин колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле “Avignon Off”  фестивалынын дирекциясынын вице-президенти Арольд Давид менен жолугушуу өтүп, 2027-жылы фестивалга Кыргызстандын атынан эки-үч спектакль менен катышуу мүмкүнчүлүгү жана эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар маданий байланыштарды чыңдоого, кыргыз театр искусствосун эл аралык деңгээлде кеңири жайылтууга жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар