Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун соңку интервьюларына таянуу менен төмөнкү жол-жоболор ишке ашырылууга тийиш:
Чыныгы мекенчилдик кимдир бирөөнү жек көрүү (антикитайлык же антироссиялык маанай) аркылуу чагылдырылбайт.
– Элди кайраштырууга багытталган ар кандай аракеттер улуттук коопсуздукка коркунуч катары бааланууга тийиш.
– Ошондуктан маалыматтык гигиена өнөктүгүн күчөтүү зарыл:
* Манипуляцияларды ашкерелөө: Мамлекеттик ЖМКлар жана коомдук пикирдин лидерлери аркылуу бул «оюндардын» кантип иштээрин элге түшүндүрүү;
* Фейк маалыматтар аркылуу өлкө ичинде башаламандык түзүү кимге пайдалуу экендигин ачык көрсөтүү;
* Чагымчылыкка сынчыл (критикалык) ой жүгүртүп, мамиле кылууга калкты үндөө;
* Провокацияларга алдыруу — алсыздык.
– Күчтүү коом гана токтоолук менен, акылга салып иш алып барат;
* Интеллигенция менен иштөө зарыл. Маданият, илим жана билим берүү өкүлдөрүн коомду бириктирүүчү, тынчтандыруучу контенттерди жаратууга тартуу.
Урматтоо менен, Арслан Койчиев



