Башкы беткеКоомКРСУда бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземи өттү

КРСУда бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземи өттү

Бүгүн, 25-июлда Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде 2026-жылкы бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Аземде бүтүрүүчүлөргө дипломдор тапшырылып, алардын келечектеги эмгек жолуна ийгиликтер кааланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРСУнун өлкөдөгү сапаттуу билим берүү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү орду белгиленип, жаш адистерди алган билимдерин Кыргызстандын өнүгүшүнө багыттап, кесипкөйлүк жана жоопкерчилик принциптерин бекем карманууга чакырышты. Ошондой эле профессордук-окутуучулар курамына жана ата-энелерге бүтүрүүчүлөрдү тарбиялоого жана билим берүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык айтылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар