Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Чолпон-Ата шаарында эл аралык иш-чараларды өткөрүү мезгилиндеги коопсуздукту камсыздоо боюнча Координациялык штабдын жыйынын өткөрдү.
Жыйында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана башка ири иш-чараларга даярдык көрүү боюнча аткарып жаткан иштери талкууланды.
Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын жана ар кандай инциденттердин алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо чаралары каралды.
Адилет Орозбеков тиешелүү мекемелердин жетекчилерине коопсуздук боюнча бардык зарыл чараларды көрүп, мүмкүн болгон коркунучтарга ыкчам чара көрүүнү тапшырды.



