Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 30-июлдан 1-августка чейин «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки унаа жолу маал-маалы менен убактылуу жабыларын билдирди.
Анын айтымында, бул күндөрү Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев келет.
Мындан тышкары, ушул эле мезгилде бир катар мамлекет башчыларынын катышуусунда Борбор Азия – Азербайжан саммити өтөт.
Ушуга байланыштуу айдоочуларга жана Ысык-Көлгө эс алууга бара турган жарандарга жол жүрүүнү алдын ала пландаштыруу сунушталат.
«Убактылуу ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн алдын ала кечирим сурайбыз.
Өлкөбүздүн тышкы алакаларды бекемдөөдөгү иш-аракеттери үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарды туура түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды өтүнөм» ,- деп жазды Алагөзов.



