Башкы беткеМаданиятЧолпон-Атада Өзбекстандын маданият күндөрү салтанаттуу ачылды

Чолпон-Атада Өзбекстандын маданият күндөрү салтанаттуу ачылды

27-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Салтанатка Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков катышып, эки өлкөнүн маданий кызматташтыгынын маанисине токтолушту. Алар мындай иш-чаралар кыргыз-өзбек достук мамилелерин бекемдеп, чыгармачылык байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарарын белгилешти.

Ачылыш аземине эки мамлекеттин расмий өкүлдөрү, маданият ишмерлери, чыгармачыл жамааттар, жергиликтүү тургундар жана Ысык-Көлгө келген эс алуучулар катышты.

Концерттик программада Өзбекстандын эл артисттери Фаррух Закиров, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова, Зулайхо Бойхонова жана башка белгилүү өнөрпоздор сахнага чыгышты. Ошондой эле «Навбахор» жана «Тумор» бий ансамблдери өз өнөрлөрүн тартуулап, Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестринин коштоосунда концерттик программа сунушталды.

Маданият күндөрү кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого, чыгармачылык алакаларды кеңейтүүгө жана эки элдин бай маданий мурасын өз ара таанытууга багытталган.

Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү 28-июлда Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Дордой Номад» аренасында өтө турган гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар