Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 19-январында түзүлгөн.
Эки өлкөнүн келишимдик-укуктук базасынын пайдубалын 1997-жылдын 23-апрелиндеги Достук жана кызматташтык жөнүндө келишим, 2022-жылдын 20-апрелиндеги Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти И.Алиевдин 2024-жылдын 24-апрелинде кол койгон Биргелешкен декларациясы түзөт. Соңку документке ылайык, эки тараптуу кызматташтык тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөн.
Кыргыз-азербайжан өнөктөштүгү эки тараптуу да, көп тараптуу да форматта туруктуу жана жигердүү мүнөздө өнүгүп жатат. Эл аралык жана аймактык орчундуу маселелерде эки мамлекеттин көз караштары бири-бирине абдан жакын. Атап айтканда, БУУ, КМШ, ИКШ сыяктуу беделдүү уюмдардын алкагында бири-бирин ырааттуу колдоп келе жатканы эки тараптуу алаканы андан ары чыңдоого ишенимдүү өбөлгө түзүүдө.
Саясий байланыштар да ырааттуу түрдө чыңдалууда. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров 2022-жылдын 19-20-апрелинде Азербайжанга расмий сапар менен барган. Ал эми 2022-жылдын 11-12-октябрында Азербайжан Республикасынын Президенти И.Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар жасаса, 2024-жылдын 24-25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Азербайжанга мамлекеттик сапары болуп өткөн.
2022-жылдын октябрь айында Мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Мамлекеттер аралык кеңеш негизделген. Бул кеңештин 1-жыйыны 2022-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында, ал эми 2-жыйыны 2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында уюштурулган.
Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык өнөктөштүк акыркы жылдары жаңы деңгээлге чыгып, жигердүү инвестициялык кызматташтык менен коштолууда.
2022-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга кол коюлган. Башында фондунун уставдык капиталы 25 млн АКШ долларын түзсө, Президент С.Жапаровдун 2024-жылдын 24-апрелинде Бакуга болгон сапарынын алкагында аны 100 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү чечими кабыл алынган.
2025-жылдын 30-январында Баку шаарында өткөн Фонддун Кеңешинин 4-жыйынында алгачкы долбоорлор жактырылып, аларды ишке ашыруу иши башталган.
2023-жылдын октябрында Ысык-Көлдүн жээгине беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлган. Мейманкананын салтанаттуу ачылышы Азербайжан Президенти И.Алиевдин 2026-жылдын 31-июлунан 1-августуна чейин Кыргызстанга пландалган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлөрү күтүлүүдө.
Соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштарды териштирген Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия туруктуу иш алып барууда. Комиссиянын акыркы (6-жыйыны) 2025-жылдын 8-декабрында Баку шаарында болуп өткөн.
Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматтарына таянсак, 2026-жылдын январь-апрель айларында эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 12,2 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 326,2%га өскөн.
Тараптар ортосунда маданий-гуманитардык тармакта да жигердүү кызматташтык жүргүзүлүүдө.
2022-жылдын октябрында Бишкек шаарында «Кыргызстан-Азербайжан» Достук сейил багынын жана Низами Гянджеви атындагы №103 орто мектебинин ачылышы, ошондой эле Бишкектеги №20 мектеп-гимназиясына азыркы Азербайжан мамлекети түптөлгөн Гейдар Алиевдин ысымынын берилиши маанилүү окуялардан болду.
2024-жылдын апрель айында Баку шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылып, Президент С.Жапаровдун сапарына карата Азербайжанда Кыргызстандын Маданият күндөрү алгачкы ирет өткөрүлдү. Анын алкагында кыргыз киносунун күндөрү, искусство чеберлеринин гала-концерттери, улуттук кол өнөрчүлүк, зер буюмдары, улуттук ашкана, каада-салттык жана заманбап кийимдер, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөлөрү, Улуттук тарых музейинин «Байыркы искусствонун шедеврлери» экспозициясы жана эки өлкө интеллигенциясынын тегерек столу уюштурулду.
ªз кезегинде 2025-жылдын апрелинде Кыргызстанда Азербайжан Республикасынын Маданият күндөрү ийгиликтүү өткөрүлдү.
2025-жылдын 3-июлунда Президент С.Жапаровдун ЭКУ 17-Саммитине катышуу үчүн Азербайжанга болгон сапарында эки мамлекет башчысынын катышуусу менен Агдам районунун (Карабах) Хыдырлы айылында кыргыз тарап боордош азербайжан элине белек катары куруп берген орто мектептин салтанаттуу ачылышы болду.
Азербайжандын аймагында Кыргыз Республикасынын 500гө чукул жараны жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү — СССР тарагандан кийин (1990-жылдары), ошондой эле 2005 жана 2010-жылдардагы Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялардан соң тарыхый мекенине туруктуу жашоого кайтып барган этникалык азербайжандар.
Кыргызстанда чоң азербайжан диаспорасы бар — өлкөбүздө улуту боюнча этникалык азербайжан болуп саналган 20 миңден ашуун Кыргыз Республикасынын жарандары катары түтүн булатып келишет.



