Башкы беткеСаясатӨтмүштөн күч алып, улуу келечегин куруп жаткан мамлекет

Өтмүштөн күч алып, улуу келечегин куруп жаткан мамлекет

   Жакында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Жаңы өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу” аттуу китептин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачар аземи өттү. Бул китеп тууралуу филология илимдеринин доктору, профессор, “Манас” академиясынын академиги Жаббор Эшонкуловдун төмөнкү макаласын жарыялайбыз.

Өзбекстан Республикасы Президенти Шавкат Мирзиёевдин «Жаңы Өзбекстан стратегиясы» аттуу китебинин баш сөзү дал ушул саптар менен башталат. Абдан жөнөкөй, түшүнүктүү, бирок адамды ойго талдырган терең мазмунга ээ пикирлер.

Бул саптар жалаң гана жашоонун түбөлүктүүлүгү, бизди курчап турган айлана-чөйрөбүздөгү дүйнөнүн тынымсыз улам өзгөрүп, жаңыланып турушу, ааламдын эзелки мыйзамдары жөнүндө гана эмес, дүйнө менен бирге өзү да, аң-сезими да өзгөрүп жаткан адамдардын дүйнө таанымындагы жүрүп жаткан бурулуштарды да чагылдырып турат.

Ой жүгүртүү өзгөрмөйүнчө, өзгөрүүгө, өсүүгө, жогору көтөрүлүүгө болгон муктаждык жаралмайынча, адамдын өзү да өзгөрбөйт. Ой жүгүртүүнүн өзгөрүшү ­ – бул абдан узак жана татаал жараян. Жаңы таңдын атышы дал ошол аң-сезимдеги ой жүгүртүүнүн өзгөрүүсүнөн башталат.­­

Өзбекстандын эли жөнөкөйлүктү жакшы көрөт. Жөнөкөйлүк, карапайымдык, табигыйлык, чын ыкластуулук элибиздин жан дүйнөсүнө мүнөздүү. Ошондуктан, улуттук руханиятыбыздын өзөгүн түзгөн, элдин жан дүйнөсүнүн күзгүсү болгон фольклор үлгүлөрү жөнүндө сөз козголгондо: «Элдин өзүндөй жөнөкөй, элдин өзүндөй карапайым, элдин өзүндөй табигый жана элдин өзүндөй терең» деген сөз айтылаары бекеринен эмес. Элдин тилиндеги сөздөр миңдеген жылдар бою такшалып, жылмаланып, курчутулуп, куйма акыл-насааттуу хикметке айланган.

Жөнөкөйлүк менен чын ыкластуулук жүзүбүздөн көрүнүп турат. Дасторконубуздай көңүлүбүз да ачык, пейилибиз кенен. Дасторкон төрүндөгү чоң ата, чоң энелерибиздин ак батасынан тартып, ар бир акыл-насаатында элибизге мүнөздүү даанышмандык чагылып турат. Ак батада дайыма өлкөнүн тынчтыгы, журттун өнүгүп, гүлдөп, көркүнө чыгышы, кут-берекенин мол ыроолонушу, балдардын ден соолугу чың, акыл-эстүү, билимдүү болушу тиленет. Дасторконго отурганда да, турганда да, конок келгенде, конокко барганда, отуруп маек куруп жатканда дайыма жакшы тилектер айтылып, өмүрдүн ар бир мүнөтүнө шүгүрчүлүк айтылат.

Кененирээк чечмелей турган болсок, өткөнүн унутпаган, бүгүнүн аңдай алган, келечек үчүн жакшы тилектер кылган улутка мүнөздүү болгон жан дүйнө. Азыркы тил менен айтканда, бул — менталитет. Бул түшүнүктү дүйнөгө цивилизациянын эшигин ачкан бабаларыбыз: «Жакшы ой, жакшы сөз, жакшы иш» деп аташкан.

Адам баласы жаралган күндөн тартып эле бүгүнкү күнү эртеңки күнүнөн жакшы болушун самайт. «Балам үчүн» деп жашоо элибизге мүнөздүү касиет. Ата-бабаларыбыз акыл-насаатын, түбөлүк кала турган сөзүн жана аруу иштерин өз балдарына, келечек муундарына мурас катары калтырып келишкен. «Балам» деп жашоо — бул эртеңки жаркын келечек үчүн жашоо, келечекке болгон руханий жана маданий инвестиция дегендикти туюнтат. Тактап айтканда, өзбекстандын жолбашчысы баса белгилегендей, эл өзүнүн миң жылдык салт-санаасына, руханий-акыйкат баалуулуктарына, терең акыл-эстүү турмуш тажрыйбасына таянып, өз өнүгүүсүнүн жаңы таңы тарапка карай умтулууда.

Бул китеп Өзбекстан үчүн жаңы бир доордун башталганын таануу жана анын дүйнөлүк коомчулукка жарыясы болуп саналат. Анда «Жакынкы жана орто келечекте Жаңы өзбекстандын өнүгүү стратегиясы кандай болот?» деген маанилүү жана олуттуу суроо коюлат.

Мындай тарыхый суроолор күн тартибине жөн эле коюлган эмес. Тарыхый суроолорду тарыхый инсандар коюшат. Мамлекетибиздин башчысы тарабынан дал ушундай суроо улуу өзгөрүүлөрдүн чордонунда чечүүчү учурда ортого ташталды жана жооп изделди.

«Жаңы Өзбекстанды куруу – бул жөн гана каалоо же субъективдүү көрүнүш эмес, бул терең тарыхый негизге ээ болгон, өлкөбүздөгү азыркы саясий-укуктук, социалдык-экономикалык жана руханий-агартуу абалынын талабы, ошондой эле элдин кылымдык умтулууларына ылайык, анын улуттук кызыкчылыктарына толук жооп бере турган объективдүү зарылдык.

Бул жолдо реформаларыбыздын негизги кыймылдаткыч күчү саналган коомубуз мүчөлөрүнүн бар болгон билими менен жөндөмүн, күчү менен мүмкүнчүлүктөрүн, чечкиндүүлүк менен бүт күч-кубатыбызды толук пайдаланышыбыз зарыл. Ошондо гана Жаңы Өзбекстан дүйнөлүк аренада күчтүү потенциалга, татыктуу кадыр-баркка ээ болгон, ар тараптан өнүккөн жана гүлдөп-өнүккөн өлкөгө айланат».

Өзбекстандын жолбашчысы баса белгилегендей, Жаңы Өзбекстанды куруу – бул жөн гана же капыстан пайда болгон кимдир бирөөнүн каалоосу эмес, бул бүткүл элдин кылымдар бою көксөп келген үмүт-тилектерин чагылдырган улуу келечекке, улуу өркүндөө жолуна багытталган, ага алып бара турган программа болуп эсептелет.

Өзүнүн көөнө тарыхына жана мамлекеттик түзүлүшүнө ээ болгон мекенибизде эркин жана көз карандысыз жашоо жөнүндөгү кыял ата-бабаларыбыздын каны менен кошо жашап келген. Алар эркиндикке, боштондукка жана азаттыкка билим жана агартуу аркылуу жетүүгө болорун жакшы түшүнүшкөн. Жер айдап, асман телолору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар тууралуу терең билимге ээ болушкан. Календарь түзүшкөн, жылдарга ат коюшкан, аалам тууралуу билимдерин келечек муундарга мурас катары калтырышкан. Бул билим менен тажрыйбалар ушул өлкөдө көптөгөн илимдердин өнүгүшүнө, биринчи жана экинчи Ренессанс доорлорунун пайдубалы болушуна кызмат кылган.

   «Эмас бу майдон ичра турмоқ…»  – мындан алты кылым мурда улуу даанышман Алишер Навоий айткан бул ойлор, бүгүн XXI кылымдын окуялуулугу менен бетме-бет жашап турган өзбекстандын ар бир жараны үчүн да абдан актуалдуу маселе болуп саналат.

Мындан ары мурдагыдай жашоо мүмкүн эмес эле, көп нерсени түп-тамырынан өзгөртүү зарыл болчу. Башкача айтканда, ар бир тармак ири реформаларды талап кылып жаткан. өзбекстандын сактап калынышы, өз алдынчалыгын жоготпоосу, ата-бабалар кыялдангандай керектөөчү эмес, жаратуучу, чыгармачыл улутка айланышы, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн катарынан орун алышы үчүн эң биринчи ким экенибизди, кайсы «майданда» турганыбызды тактап алышыбыз, абалыбызды, күч-дараметибизди эске алуу менен келечек багытыбызды белгилешибиз, башкача айтканда бардык тармактарда реформаларды баштоо зарыл эле.

Өзбекстандын жетекчиси өз ишмердүүлүгүнүн алгачкы күндөрүнөн тартып эле ачык-айкындуулугу, ак ниеттүүлүгү, чынчылдыгы, чечкиндүүлүгү жана кайраттуулугу менен бүткүл элдин ишенимине ээ болду.

Шавкат Мирзиёев Президенттикке шайлангандан кийин алгачкы жолугушуусун академик илимпоздор жана окумуштуулар, илим тармагындагы өкүлдөр менен өткөрдү. Бул жолугушуу терең символдук мааниге ээ болуп, өлкөнүн мындан ары өнүгүү жолу илим-билим менен тыгыз байланышта болоруна ишара болчу.

Ачыгын айтканда, бул жолугушууга чейин Илимдер академиясы системасындагы илимпоздор кооптонуу жана туңгуюк ичинде жашап жатышкан, көптөгөн илимий-изилдөө институттары таратылып же жогорку билим берүү тармагына өткөрүлүп, эртеңки күнү бүдөмүк болгон мекемелерге айланып калган эле.

Мына ушундай оор кырдаалда өлкө башчысы эч ким күтпөгөн, татаал жана түйшүктүү, бирок өлкөнүн келечеги үчүн абдан маанилүү болгон токтомдорду жана указдарды кабыл алды. Бул токтомдор жана указдар республикабыз жашоо-турмушунун бардык тармактарына тиешелүү болуп, бирдей мааниге ээ болгон тарыхый токтомдор болуп эсептелет.

Ар кандай коом өзүнө эң улуу максаттарды ураан кылып алышы, өзүн элге жакын, элчил деп жарыялашы мүмкүн. Бирок элдин ичине кирбеген, анын көйгөйлөрүн чечпеген реформалар кагаз бетинде гана  калып кете берет.

«Башкаларды өзгөрткүсү келген адам, эң оболу, өзүн өзгөртүшү керек. Ал үчүн так максат, талыкпаган, чарчабаган эрк жана тынымсыз изденүү талап кылынат».

Өзбекстандын Президенти өз ишмердүүлүгүн эл аралап жүрүүдөн баштады. Мунун натыйжасында «Эл кабылдамалары» түзүлүп, элдин муң-зары угулуп, мамлекет башчысы эл менен «көңүлдөш, сырдаш» экени иш жүзүндө далилденди. Себеби, тарыхый инсандар кыйынчылыктардан чочубайт. Алар оңой жолду эмес, кыйын болсо да туура жана ардактуу жолду тандашат. Ар дайым алдыга умтулуп, келечекти көрө билишет. Оор жана түйшүктүү болсо да, келечек программаларын турмушка ашыра алышат.

Өзбекстан Президенти жоомарт жана улуу элибиздин жыргалдуу жашоосун камсыз кылууга байланышкан татаал жана маанилүү суроолор көптөн бери ойго салганын белгилеп, «Биз алдыбызга коомубуздун жаңы көрк келбетин жаратуу  Жаңы Өзбекстанды куруу маселесин стратегиялык милдет катары койдук» деген чечкиндүү токтомун билдирди. Ушундай жол менен Өзбекстандын жашоосуна «Жаңы Өзбекстан» деген түшүнүк кирип келди.

Эгемендүү мамлекет болуу, башкача айтканда, өз алдынча эркин жашоо бул жөн гана мамлекетчиликке таандык институттарды түзүүнү уюштуруунун өзү эмес, боштондук, азаттык — бул бардык жарандардын дүйнөдө өз орду бар экенин далилдеш, ошол жоопкерчиликке жараша жашай билиши дегенди да билдирет.

Дал ушул себептен, эркин жашоо жоопкерчилиги расмий эгемендүүлүк документин иш жүзүнө ашырат, улутту жеке идея — эгемендүү мамлекет катары өзүн көрсөтө ала турган жалгыз максатка бириктирет.

Ачыгын айталы, биз узак жылдар бою улутту бириктире турган жалгыз максаттуу умтулууга жете алган жокпуз. Себеби, жеке бир максатка умтулуу деген ар бир жарандын өз каалоосу жана эрки болушу, ар бир жаран дал ошол умтулуудан өзүнүн, балдарынын жаркын  келечегин көрө алуусу керек эле. Ал үчүн көп иштер жасалышы зарыл болчу.

Улуттук биримдик өзүнөн-өзү жаралып калбайт, улуттук биримдикке жетишүү үчүн ар кандай идея өзүн коомдогу түрдүү катмарлардын кызыкчылыгынан тазарышы, улуттук ар-намыс, улуттук абийирди ойготуп алуу, улутту өз күчүнө жана кудуретине ишентирүү керек болот.

Тарых, тарыхый эскерүү, ата-бабаларга урмат-сый – бул улутту бириктирүүчү, аны өз күчүнө ишентире алган, улуттук биримдикти бекемдеген эң күчтүү курал. Анткени, тарых бизди өзөк тамырыбыз менен байланыштырган, «Ким элек? Ким болдук? Ким болобуз?» деген суроону алдыбызга көлдөлөң койгон абдан маанилүү күч.     Тарыхка болгон сый-урмат – бул чындап эле улуттун бүтүндүгүнө, эртеңки ынтымагына болгон урматты билдирет. Тарых – кечээки күндүн элеси, бирок коомдо жарала турган жеке максат мына ушул тарыхтын негизинде курулат, тарыхты толук аңдап түшүнгөндө гана ал жалпы улуттун жалгыз максатына айланат.

Адабият улуттун согуп турган жүрөгү, ыйманы, абийири, намысы саналат. Эгер коом өз ыйманына кайдыгер болсо же ага маани бербесе, анда улутту бириктире турган улуттук ыйман, улуттук аң-сезим жаралбайт. Адабиятка болгон мамиле — бул улуттун өз ыйманына болгон мамилеси. Адабият өзүндө улуттун тарыхын, бүгүнкү жүзүн, өзгөчөлүгүн жана күчүн сактап жүрөт. Ар бир элдин мүнөзү, өзгөчөлүгү адабият аркылуу даана көрүнөт, улуттун жашоого жөндөмдүү, дем берген жандуу кан тамырларын сактап калат. Башкача айтканда, «Адабият жашаса – улут жашайт».

Ар кандай коомдун бүгүнкү жана эртеңки күнүн, анын ичинде өнүгүү даражасын да илим-билимдин кадыр-баркы белгилеп берет. Илим жана адабият ээлерине болгон мамиле – бул улуттун эртеңки өнүгүүсүнө жасалган мамиле экенин түшүнүш үчүн чоң акылдын кереги жок.

Улуттук ар-намыс баарынан мурда тилге, адабиятка болгон мамиледен башталат. өзбек тилинин мамлекеттик тил катары коомдун бардык тармактарында толук кандуу иштеши канча жылдан бери өз убагын жана саатын күтүп жатты? Бүгүн мамлекеттик мекемелерде толук бойдон мамлекеттик тилге өтүү жараянынын артында кандай гана татаал эмгек, күрөш жана керек болсо кайратмандык турганын билебизби?

Коомдо ар түрдүү пикирлерге сабырдуулук менен мамиле кылуу адаттагы көрүнүшкө айланып бара жатканы, мени кубандырат. Кечээ эле биз плюрализмге шектүү көз менен карап келдик. Коомдо жалгыз көз караш, жалгыз пикир үстөмдүгүнө умтулчубуз. Бүгүн болсо, плюрализм акырындык менен болсо да, коомубузда тамыр жайып бара жатат. Плюрализм — бул коомдун пикирлер көргөзмөсү өңдөнөт. Көргөзмөдө сиз өзүңүз үчүн эң ишенимдүү, эң сапаттуу, эң ыңгайлуу нерсени тандай аласыз.

Плюрализм түмөн-түркүндүүлүктү билдирет. Бир караганда, мындай түркүндүүлүк жапырт бир бүтүндүккө зыян келтирип жаткандай сезилет. Бирок аксиома өңдүү коомдун жарандары өз пикирлерин угуп жатканын, өздөрүн да кабыл алып жатышканын аңдаса, анда ушул коомдун тегерегинде биримдик, бүтүндүк жарала башталат.

«Үчүнчү Ренессанстын төрт үзгүлтүксүз звеносуна, бала бакча тарбиячысы, мектеп мугалими, профессор-окутуучулар жана илимий-чыгармачыл интеллигенттерибизди болсо, Жаңы Ойгонуу доорунун төрт таяныч түркүгүнө айлантыруудан турат».

Соңку жылдарда Өзбекстанда жүзөгө ашырылган эң чоң реформалардын бири үзгүлтүксүз билим берүү системасындагы чукул өзгөрүүлөр болгондугу эсептелет. Башталгыч жана орто билим берүүдө жаңычыл мамилелер пайда болду. ЖОЖдорго кабыл алуу квоталарынын көбөйүшү, чет өлкөлүк жана жеке сектордо улуттук ЖОЖдордун ачылышы бул миңдеген жаштар үчүн студент болуу мүмкүнчүлүктөрүн жаратты. Мындан сегиз жыл мурда жогорку окуу жайына кирүүнү коррупциясыз элестете албайт элек. Бүгүнкү ачыктык, айкындык, тандоо мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши бул системада реформалар өз жемишин бере баштаганын айгинелейт.

Ар бир улуттун эртеңки күнүн анын билим берүү системасы аныктайт. Бүгүн билим берүүгө көрсөтүлүп жаткан камкордук — келечекке көңүл буруунун эң жаркын көрүнүшү саналат.

    «Билим – бул биз үчүн же өмүр, же өлүм» деген Авланий азирети. Жадид ата-бабаларыбыз билим жана агартууну жалгыз куткаруучу күч деп билишкен. Алар элибиздин керектөөчү эмес, өндүрүүчү улут болушун, даяр ойду кабыл алуучу эмес, ой жаратуучу элге айланышын самашкан.

Бүгүн Өзбекстанда мугалимдин коомдогу орду кайра өз калыбына келүүдө. Эң негизгиси, коомдун келечегине мектепте пайдубал коюлушу мамлекеттик саясат даражасына көтөрүлүүдө.

Өткөн кылымдын башында жадид ата-бабаларыбыз улутту өз теги менен тааныштыруу, аны таанытуу, аңдатуу үчүн бар күчүн жумшаган. Анткени таануу, аңдоо – бул агартуу менен, билим менен, улуттун кайгысы менен байланыштуу болгон түшүнүк. Билимдүү болбой, өзүнүн ордун, деңгээлин аңдабай туруп, өзүн өзү илим менен, агартуу менен реформалабай, оңдобой туруп, жогорулоого болбойт. «өзүн аңдоо» – бул ким экениңди, ким болгондугуңду, ата-бабаларың ким болгонун, кайсы цивилизациядан суу ичишти, кайсы даражага жана орунга татыктуу жашоону аңдоо, түшүнүү дегендикти билдирет.

Жадид бабаларыбыз ар бир нерседен жаңылык издешкен. “Жаңы” деген сөздү өзгөчө жактырышкан. Коомду, түзүмдү жаңыртып, бул өзгөрүүлөрдү илим-билимге таянып ишке ашырууну кыялданышкан. Бирок ошол доордогу түзүм аларга мындай мүмкүнчүлүк бербеди. Алардын жүрөгүндө жана акылында көктөгөн үмүт гүлдөрү ачылбай соолуду. Агартуу аркылуу эркиндикти самаган улуттун агартуучулары бүт бойдон кыргынга учурашкан.

Мамлекеттин башчысы Жаңы өзбекстанды куруунун түпкү негиздери жөнүндө сүйлөгөндө дал ушул тарыхый чындыкты эске алып, мындай деген:
«Эгерде биз алдыбызга өлкөбүздө Үчүнчү Ренессанстын пайдубалын түптөө сыяктуу улуу максатты коюп жатсак, анда сөзсүз түрдө жаңы Хоразмийлерди, Берунийлерди, Ибн Синолорду, Улукбектерди, Навоий жана Бабурлардай улуу инсандарды тарбиялап чыга турган чөйрө жана шарттарды түзүшүбүз керек. … Бул улуу максат жолунда жаштарыбыз алдына бийик максаттарды коюп, аларга жетүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү – бардыгыбыз үчүн эң башкы милдет болушу зарыл. Ошондо гана биздин балдарыбыз элдин кылымдык үмүт-тилектерин ишке ашыруучу улуу жана кубаттуу күчкө айланышат» деген пикирлерди баяндайт.

Бүгүнкү кырдаал, өлкөбүздүн учурдагы абалы Жаңы Өзбекстанды куруу үчүн бардык саясий-укуктук, социалдык-экономикалык жана маданий-агартуучулук шарттар жетиштүү экендигин айгинелейт.

Өлкөдө жүзөгө ашырыла турган ар кандай өзгөрүүлөр эң оболу улуттук кызыкчылыктарга шайкеш келиши зарыл.

Демек, бүгүнкү улуттук кызыкчылыктарыбызга эмне шайкеш келет? Биз биринчи кезекте дал ошол тууралуу ой жүгүртүүбүз зарыл болот.

Эң негизгиси, бул реформалардын негизги кыймылдаткыч күчү болгон коом мүчөлөрүнүн бар билим жана жөндөмүн, күчү жана мүмкүнчүлүктөрүн, бүт шык-жигерин ишке салуу зарылдыгы тууралуу сөз болуп жатат. Башкача айтканда, Алишер Навоий же болбосо жадид бабаларыбыздын доорунда өлкөнүн өнүгүшү үчүн илим менен акыл канчалык маанилүү болсо, бүгүнкү глобалдык коомдо ага болгон муктаждык андан да жогору турат. Бүгүн кайсы гана эл болбосун, анын эл катары жашап калышы, өнүгүшү, өзүнө коюлган максаттарга жетиши үчүн албетте билим керек болот.

Башкача айтканда: «Эң чоң байлык – бул акыл-эстүүлүк жана илим, эң чоң мурас – бул жакшы тарбия, эң чоң жакырчылык – бул билимсиздик». Бул бүгүнкү күндүн гана урааны эмес. Бул ата-бабалардын тажрыйбасынан келип чыккан, бүгүн да күн тартибине коюлган, келечек үчүн багыт болгон чындык да, программа да саналат.

Мындан сегиз жыл мурда Өзбекстанда жаңы бир таң атты. Бул таң өлкөбүз, Түрк мамлекеттери, жалпысынан Борбордук Азия мамлекеттери үчүн да жаңы доорду баштап берди.

Акыркы жылдары Өзбекстан дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери менен тыгыз кызматташтык мамилелерин түздү. Айрыкча коңшу жана боордош, тууган мамлекеттер менен бул байланыштар жаңы деңгээлге көтөрүлдү, мурда болуп көрбөгөн мазмун жана маани менен байыды. Бул болсо, албетте, өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан ачык-айкын, элчил саясаттын, революциялык реформалардын жыйынтыгы болуп эсептелет.

Он жыл мурда Өзбекстандын Түрк мамлекеттери кеңешине мүчө болушу бардыгыбыз үчүн кыял болчу. Шавкат Мирзиёев ошол кыялдарды чындыкка айлантты. Өзбекстан Түрк мамлекеттери кеңешине мүчө болгондон кийин бул уюм жаңы мазмунга ээ болду. Ал Кеңеш макамынан Түрк мамлекеттер уюмуна айланды.

Өзбекстан жолбашчысы Түрк мамлекеттер уюмунун жана эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун ишмердүүлүгүнө жогору баа берди. Бул бекеринен эмес, бүгүн Түрк мамлекеттери жайгашкан географияда болуп жаткан социалдык, саясий, маданий өзгөрүүлөрдө, элдердин ортосундагы кызматташтык байланыштарынын бекемделишинде, жетишип жаткан ийгиликтерде аталган бул уюмдардын өзгөчө орду бар.

Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчылары кеңешинин Астана шаарында өткөн жыйыны алкагында өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге түрк элдеринин биримдигин бекемдөөгө, түрк мамлекеттеринин кызыкчылыктары менен көз караштарын эл аралык деңгээлде активдүү илгерилетүүгө кошкон чоң салымы үчүн эң жогорку сыйлык — «Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени» салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Бул Өзбекстан жетекчиси жүргүзүп жаткан саясаттын, акыркы жылдарда өлкөдө болуп жаткан эң сонун өзгөрүүлөрдүн эл аралык деңгээлде таанылышы, боордош өлкөлөрдө жашап жаткан бардык элдердин, чыгармачыл интеллигенциянын, мамлекет башчыларынын бир добуштан жапырт жогорку баалоосунун жыйынтыгы болуп саналат.

Жеке Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр эмес, дүйнөнүн эң алдыңкы мамлекеттеринин жетекчилери да өзбекстанда акыркы жылдарда жүзөгө ашырылып жаткан реформаларга жогору баа берип, мамлекеттер аралык өз ара кызматташтыктын бекемделип жатканын баса белгилешүүдө.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутеррештин «Бир кездерде Борбордук Азияда бытырандылык тамыр жайган эле. Бүгүнкү күндө болсо бул аймактарда жаңыча чөйрө жаралды. Бул албетте, достук, урмат-сый жана маселелерди биргеликте карап чыгуу, бар болгон кыйынчылыктарды чогуу жеңип өтүүгө негизделген чөйрө болду»,  деп айткан сөздөрү чын жүрөктөн чыккан, жогорку деңгээлдеги чын ыкластуу баалоо болду.

Бүгүнкү Өзбекстандын айырмасы эмнеде деген суроо жаралышы табигый. Эгемендүүлүккө жетишкенибиз шексиз зор жеңиш болду, бул эркиндик элибиздин кылымдардан берки ой-кыялы, үмүт-тилеги эле. Биз жыйырма алты жыл бою дал ошол жетишкен эркиндик тууралуу сүйлөдүк. Эркиндиктин тарыхый зарылчылыгы, өтмүштө ата-бабаларыбыз бул көз карандысыздыкты, боштондукту самап өткөнү тууралуу айттык. Эгемендүү болуп жашап жатканыбызга негиздер дээрлик өтмүш менен байланышкан эле, бүгүнкү күнүбүз үчүн бардык элди канааттандыра турган жана улутту бириктире турган иш-аракеттерибиз саналуу гана болчу. Акыркы сегиз жылда болсо биз көбүрөөк келечек тууралуу, жаңы таң, жаңы максаттар тууралуу сүйлөп жатабыз. Максаттар, үмүт-тилектер жана аракеттер келечекке багытталган, аларга жигердүү түрдө багыт берилген.

Өзбекстан Президенти көтөрүп жаткан идеялардын маңызына көңүл бурсак, анда коомдун бардык күчүн улуттук өнүгүү жолуна бириктирүүгө багытталган идеялар менен толуп-ташып турганын көрөбүз. Дал ушул коомдук күчтөрдү жигердүү ишке тартуу – эң оболу, бул кубатты, ушул мобилизацияны, багыттоону даярдай турган билим берүүдө, тарбияда, коомду агартууда жүргүзүлүп жаткан реформаларда ачык көрүнөт.

Өзбекстан өз алдына өтө улуу максаттарды коюп, кең жолго чыкты. Бүгүн өлкөдө системалуу түрдө ишке ашырылып жаткан реформалар – келечекке карай багытталган улуу цивилизациянын программасы. Бул программада, бул зор өзгөрүүлөрдө мамлекеттин ар бир жараны өз орду, өзүнүн алдындагы милдети жана жоопкерчилиги жөнүндө ой жүгүртүшү керек болот. Бул жаатта эң алгач ар бир жарандын аруу оюу, аруу сөзү жана аруу аракети болушу зарыл.

Бүгүн бизден талап кылынып жатканы өз ишибиздин, өз кесибибиздин ээси, керек болсо, эң мыкты чебери болуу. өз алдына максат койгон адам кайсы кесиптин ээси болбосун, мугалимби, ишкерби, бут кийим тиккен устабы же тигүүчүбү, ар бирибиз өз кесибибиздин эң мыктысы болууга, өмүр дептерибизди эң сонун саптар менен кооздоого умтулушубуз керек.

Жаббор Эшонкулов,

филология илимдеринин доктору, профессор

Қыргыз Республикасынын “Манас” академиясынын академиги

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар