Ош облусунун Араван районунда 16 көп балалуу энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Салтанаттуу иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышты.
Сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-майындагы “Баатыр эне” ордени жана “Эне данкы” медалы менен сыйлоо тууралуу жарлыктарынын негизинде ыйгарылды.
Жыйынтыгында 12 энеге “Баатыр эне” ордени, дагы төрт энеге “Эне даңкы” медалы тапшырылды.
Расмий маалыматка ылайык, буга чейин Араван районунда “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин саны 615 болсо, бүгүнкү сыйлоодон кийин алардын жалпы саны 631ге жетти.



