Кыргызстандын тоо-кен тармагы 2026-жылдын алгачкы алты айында мамлекеттик бюджетке 46 млрд 500 млн сом салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү которду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жарым жылдык жыйынтыгына арналган коллегиясында маалымдалды.
Министрликтин маалыматына ылайык, өткөн жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 28 млрд 300 млн сомду түзгөн. Натыйжада бюджеттик түшүүлөр 18 млрд 200 млн сомго көбөйдү.
Ошондой эле лицензияларды кармап тургандыгы үчүн төлөнүүчү жыйымды чогултуу боюнча да оң жыйынтыктарга жетишилди.
2026-жылдын 30-июнуна карата бул багыттагы түшүүлөр 461 млн 100 миң сомду түздү. Муну менен жылдык 375 млн сомдук план 22,85 пайызга ашыгы менен аткарылып, бюджетке кошумча 85 млн 700 миң сом түшкөн.



