Башкы беткеКоомКыргызстан менен Орусия сарымсак өстүрүү тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Орусия сарымсак өстүрүү тармагында кызматташат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде сарымсак өстүрүүнү өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган жумушчу жолугушуу өттү.

Иш-чарага министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев, «Жашылча жана бакча өсүмдүктөрү» кластеринин, РФ Сарымсак өстүрүүчүлөрүнүн улуттук союзунун, «Фермерский Чеснок» компаниясынын өкүлдөрү жана жергиликтүү адистер катышты. Тараптар заманбап агротехнологияларды киргизүү, үрөн сапатын жогорулатуу, логистика, сактоо жана продукцияны сырткы рынокко чыгаруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Суу ресурстары министрлиги, РФ Сарымсак өстүрүүчүлөрүнүн улуттук союзу жана «Жашылча жана бакча өсүмдүктөрү» кластеринин ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул документ заманбап тажрыйба алмашууну, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, фермерлерди окутууну жана тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар