Чолпон-Ата шаарында ички иштер министри Улан Ниязбеков Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаардык ички иштер органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.
Жыйында «Борбор Азия – Азербайжан» Консультативдик жолугушуусу жана «UIM F1H2O» дүйнө чемпионаты сыяктуу эл аралык маанилүү иш-чаралар учурунда коомдук тартипти, жол коопсуздугун жана коноктордун коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кылуу маселелери каралды.
Министр алдыдагы иш-чаралардын эл аралык маанисин белгилеп, өзгөчө тартип менен кынтыксыз кызмат өтөөнү талап кылды. Кеңешменин жыйынтыгында объекттерди коргоону күчөтүү, ыкчам көзөмөл жүргүзүү жана бардык кызматтардын иш-аракеттерин так координациялоо боюнча аймактык жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.




