Башкы беткеКоомБишкекте жакырчылыкты кыскартуу боюнча программанын долбоору талкууланды

Бишкекте жакырчылыкты кыскартуу боюнча программанын долбоору талкууланды

Бүгүн, 29-июлда Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттердин катышуусунда 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча Пландын долбоору талкууланган тегерек стол өттү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков белгилегендей, бул документ калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган негизги курал болуп калат. Анын айтымында, жакырчылыкты азайтуу социалдык жардам берүү менен гана чектелбестен, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга таянышы зарыл.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 24 пайызга төмөндөп, мурунку жылга салыштырмалуу 1,7 пайыздык пунктка азайган.

Программанын алкагында аймактарда иш менен камсыз кылуу, чакан жана орто бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, ошондой эле эмгек мигранттарын мекенине кайтаруу жана реинтеграциялоо саясатын өркүндөтүү негизги багыт катары белгиленди. Иш-чарада айтылган сунуштар Программанын жыйынтыктоочу долбоорун толуктап иштеп чыгууда эске алынмакчы.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар