Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мыйзам шайлоо процессин өркүндөтүүгө жана айрым жол-жоболорду тактоого багытталган.
Өзгөртүүлөргө ылайык, кезектеги президенттик шайлоо президенттин ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт. Кийинки президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленди.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин кезектеги шайлоосу парламенттин конституциялык мөөнөтү аяктаган айдын шаршембисинде өткөрүлөт.
Мыйзамга ылайык, президенттик жана парламенттик шайлоо күнү бардык кызматкерлер үчүн эмгек акысы сакталган эс алуу күнү болуп эсептелет.
Мындан тышкары, “шайлоо дареги” институту жоюлуп, шайлоо участогундагы шайлоочулардын саны 4 миңден ашпоосу белгиленди. Ошондой эле шайлоочулардын колун чогултуу эми кагаз түрүндө гана эмес, булуттук санариптик кол тамга аркылуу да жүргүзүлүшү мүмкүн.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



