Президент Садыр Жапаров шайлоо комиссияларынын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ишин өркүндөтүүгө багытталган жаңы мыйзамдарга кол койду. Жогорку Кеңеш кабыл алган бул өзгөртүүлөр мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюуга, эскирген ченемдерди алып салууга жана шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын тартипке келтирүүгө багытталган.
Негизги өзгөртүүлөр:
Округдук шайлоо комиссиялары киргизилди: «Округдук шайлоо комиссиялары» түшүнүгү шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасына расмий кошулуп, алардын укуктук статусу, иштөө, түзүлүү жана таркатылуу тартиби белгиленди. Ошондой эле аймактык жана участкалык комиссия мүчөлөрүнүн укуктук статусу округдук комиссия мүчөлөрүнө да жайылтылды.
БШК онлайн форматында иштей алат: БШКнын жыйналыштары зарыл болгондо видеоконференция аркылуу өткөрүлөт жана ага катышкан мүчө жыйынга толук катышты деп эсептелет.
Талапкер болгон БШК мүчөлөрү боюнча эреже: Эгерде БШК мүчөсү Президенттикке, Жогорку Кеңешке же жергиликтүү кеңешке талапкер (же алардын өкүлү) болуп көрсөтүлсө, ал Жогорку Кеңештин өзүнчө чечимисиз эле, БШК тийиштүү чечим чыгаткан күндөн тарта кызматынан бошотулат.
Шайлоо округдарынын мөөнөтү: Шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемалары менен чек аралары Жогорку Кеңештин 5 жылдык шайлоо циклине ылайык, 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



