Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева Кытай Эл Республикасынын Радио берүү жана телевидение боюнча мамлекеттик башкы башкармалыгынын (ГГУРТ/NRTA) өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай маданий-медиалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулап, аудиовизуалдык сфера, телерадио берүү жана заманбап маалыматтык технологиялар багытындагы кызматташтыктын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти. Ошондой эле маалыматтык-маданий байланыштарды чыңдоо, санариптик медиа тармагындагы өнөктөштүктү кеңейтүү жана эки өлкөнүн телерадио уюмдарынын ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү максатында маданий-агартуучулук жана даректүү программаларды, видеоконтенттерди өз ара алмашууну активдештирүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Муну менен бирге Кытай тараптын телерадио берүүнү санариптештирүү жана заманбап медиа стандарттарды киргизүү боюнча бай тажрыйбасын эске алуу менен, санариптик медиатехнологиялар тармагында тажрыйба алмашууну жандандыруу демилгеси белгиленди. Ошондой эле эки өлкөнүн бай маданий-тарыхый мурасын чагылдырган биргелешкен медиа долбоорлорду, сериалдарды жана даректүү тасмаларды тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы маалыматтык-маданий диалогду тереңдетүүгө, эки элдин достугун бекемдөөгө жана радио-телевидение жаатындагы өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууга олуттуу өбөлгө түзөт.




