Бүгүн, 30-июлда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Жогорку даражалуу мейманды «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өзү тосуп алды.
Аэропортто конокту тосуп алуу салтанаты улуттук каада-салт, этнографиялык композициялар жана маданий программа менен коштолду. Ардак кароол ротасы тизилип, улуттук кийимчен кыздар боорсок менен бал сунушту. Ал эми президенттер өтүүчү жолдун боюнда «Салбуурун» федерациясынын бүркүтчүлөрү менен тайганчылары, зоот кийимчен атчандар жана алп баатырлар тизилди. Ошондой эле «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли менен «Шаттык» бий ансамбли эки элдин достугун даңазалаган өнөрлөрүн тартуулашты.
Мамлекеттик сапардын алкагында Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаров менен бетме-бет жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Мындан сырткары, Өзбекстандын башчысы Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусуна катышат.



