Башкы беткеПрезидентЖапаров Мирзиёев менен тар жана кең курамда сүйлөштү. Өзбек лидери Кыргызстандын экономикалык...

Жапаров Мирзиёев менен тар жана кең курамда сүйлөштү. Өзбек лидери Кыргызстандын экономикалык ийгиликтерин жогору баалады

Садыр Жапаров менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев 30-июлда Чолпон-Ата шаарында бетме-бет жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыттарын талкуулашты.

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар кыргыз-өзбек мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарарын белгилеп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар тиешелүү документтер менен бекемделерин айтты.

Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо толугу менен аяктаганын белгилеп, мамлекеттик сапардын алкагында кол коюла турган документтер чек ара маселелерин биротоло жөнгө салып, өткөрүү пункттарынын санын көбөйтөрүн билдирди.

Президент ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюу эки өлкөнүн алакасын сапаттык жаңы деңгээлге чыгарарын белгиледи. Аны ишке ашыруу үчүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңеш түзүлөрү маалымдалды.

Жолугушууда Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан”  темир жолунун курулушу өңдүү стратегиялык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев Кыргызстандагы экономикалык өсүшкө жогору баа берип, эки өлкөнүн мамилеси союздаштык деңгээлге көтөрүлүп жатканын тарыхый окуя деп атады.

Ал ошондой эле товар жүгүртүүнү мындан ары дагы көбөйтүү жана ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу эки тарап үчүн артыкчылыктуу багыт бойдон каларын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар