Садыр Жапаров бүгүн Шавкат Мирзиёевге Кыргызстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — I даражадагы “Манас” орденин тапшырды.
Мамлекеттик сыйлык Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки элдин достугун чыңдоого кошкон өзгөчө салымы үчүн ыйгарылды.
Сыйлык тапшыруу аземинде Садыр Жапаров акыркы жылдары кыргыз-өзбек мамилелери болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп, бул Шавкат Мирзиёевдин жеке салымы менен тыгыз байланыштуу экенин айтты.
Өз кезегинде Өзбекстандын Президенти жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, аны өзүнө көрсөтүлгөн урмат-сыйдын гана эмес, эки боордош элдин достугуна жана союздаштыгына берилген жогорку баа катары кабыл аларын белгиледи.



